Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады.
Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы маалымдады.
Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт. ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы