Жаңылыктар
Владимир Путин Тажикстандагы ЖККУ жана ШКУнун саммиттерине онлайн катышат
Дүйнө
Владимир Путин Тажикстандагы ЖККУ жана ШКУнун саммиттерине онлайн катышат

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин тегерегиндеги кызматкерлерден коронавирус илдети аныкталгандыгына байланыштуу обочолонууга кетти. 

Буга чейин ал Тажикстандын өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып карантинге кетерин, мындан улам ал Душанбеге барбай турганын айткан. Бирок Россия лидери ЖККУ жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммиттерине видеоконференция режиминде катышары белгилүү болду.