Жаңылыктар
Шайлоо-2021: Чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участкалары түзүлөт
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021: Чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участкалары түзүлөт

Парламенттик шайлоодо Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участкалары түзүлөт. 

Мындай чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги отурумунда талкууланып, кабыл алынды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эң көп шайлоо тилкелери Россия Федерациясынын аймагында ачылат. Кошумчалай кетсек Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.