Жаңылыктар
Өлкөдө кыргыз тилине басым жасала баштады
Билим
Өлкөдө кыргыз тилине басым жасала баштады

2017-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилинде Б1 деңгээлинде сүйлөп калышы керек. Башкача айтканда кыргыз тилинде сүйлөшүүгө, окуп түшүнүү, угуп түшүнүү жана жаза билүүгө жетишүү керек. 

Бул 2014–2020-жылдарга мерчемделген Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программада белгиленген талап. 

Бишкек шаарында өткөн кыргыз тилчилердин  август кеңешмесинде кыргыз тилин окутуунун натыйжалуу ыкмаларына басым жасалды.