Жаңылыктар
Кыргызстанда инвесторлорлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү
Экономика
Кыргызстанда инвесторлорлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү

EАЭБтин базарларына 2015 - жылдын жыйынтыгы менен 400 миңдин тонна айыл чарба продукциясы экспорттолсо анын 20 пайызы кайра иштетилип сатылды. EАЭБке интеграция болуудагы бир жыл, эң башкысы инвесторлорлор үчүн жагымдуу шартты түзө алган. 

Алсак соода экономикалык жактан Россиядан кийинки эле 500 миллион доллар инвестициясы менен  Кытай туруктуу өнөктөш өлкөлөрдүн бири болуп калды. 

Кыргызстандын 180 миллион адамды камтыган ири экономикалык биримдикке мүчө болуусу көп инвесторлорго ишеним алып келди.  Деген менен EАЭБтин мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдалана албай жаткан көйгөйлөр да жок эмес. Бул ветеринардык тосмолордун алигече алына электиги.