Жаңылыктар
Сентябрдын аягына чейин мигранттар Россияда жашап жүргөнүн мыйзамдаштыруусу керек
Мекендештер
Сентябрдын аягына чейин мигранттар Россияда жашап жүргөнүн мыйзамдаштыруусу керек

Ушул айдын аягына чейин Орусиядагы мигранттар бул өлкөдө болушун мыйзамдаштырышы керек. Эске салсак, 16-июнда президент Владимир Путин тыштан келген мигранттардын Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүрүү эрежеси боюнча жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, чет өлкөлүктөргө сентябрь айынын аягына чейин өлкөдө жашап жүргөнүн мыйзамдаштырып алганга убакыт берилген.

Сентябрдын аягына чейин Россиядагы мигранттар өлкөдө болушун мыйзамдаштырышы керек. Эске сала кетсем, президент Владимир Путиндин жарлыгы менен мигранттардын коронавирус пандемиясынан улам Россияда убактылуу болушунун мөөнөтү ушул жылдын 30-сентябрына чейин узартылган. Документке ылайык, өлкөгө 15-мартка чейин келген чет элдик жарандар Федерация аймагында жүргөн укуктук абалын жөнгө салганга же Россиядан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.