Жаңылыктар
Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык багы жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык багы жаңыланат

Энвер Гареев атындагы Ботаникалык багы жаңыланат. Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов ишембиликке катышып, бул жайдын көйгөйлөрү менен таанышты. Бир кезде кооздугу менен суктандырган Ботаникалык бак учурда жардамга муктаж. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстанда да массалык түрдө ишембилик уюштурулду.

Кыргызстандык ыктыярчыларды ишембилик бириктирди. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жер-жерлерде жаратылышты таштандыдан арылтуу иштери уюштурулду. Бишкектеги Ботаникалык бакка жүздөгөн адам чогулду.

Акцияны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов колдоого алды. Аны менен бирге Президенттин Администрация жетекчиси, Мамлекеттик катчы баштаган жогорку кызмат адамдары да ишембиликке катышты.

Тазалык күнүндө жоон топ жетекчилердин Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка баш бакканы бекеринен эмес. Аянты 170 гектарды түзгөн жашыл аймак учурда кейиштүү абалда турат.

Борбор калаанын түштүк чыгышында жайгашкан Ботаникалык бак 1938-жылы ачылган. Андан бери өсүмдүк, бактардын 6 миңден ашык түрү отургузулган. Илимий изилдөө иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп келген жайды жаңылоо максат кылынууда. Мамлекет ага колдоо көрсөтөөрү күтүлүп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө даярдыктын алкагында Бишкек шаарында ишембилик өткөрүлө турган жүздөй түйүн аныкталган. Алардын көпчүлүгү парк, эс алуучу жайлар.