Талас облусунун төрт райондук жана бир шаардык Ички иштер бөлүмүнө жаңы кызматтык унаалар берилди. Бул "Шевроле Кобальт" үлгүсүндөгү унааларды Ички иштер министрлиги аймактардагы башкармалыктарына тапшырган.
Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов кызматтык унааларды тапшырып жатып, аларды колдоно турган ар бир кызматкерге жоопкерчиликти бекитти. Айтымында, эми бул темир тулпарлар милициянын ишин жакшыртып, кылмыш, тартип бузуу факылары катталган жерлерге ыкчам жетүүгө жана убакытты туура пайдаланууга шарт түзөт. Белгилей кетсек, буга чейин Талас облустук ички иштер бөлүмүнө Коомдук кабылдама уюштуруу үчүн атайын унаалар берилип, учурда колдонулууда. Бул аракеттер милициянын техникалык базасын чыңдоого чоң өбөлгө болууда дейт-тартип сакчылары.