Жаңылыктар
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды

Акыркы жылдары онкологиялык оорулар жашарып, көбөйүп жатканы байкалууда. Муну медиктер экологиянын бузулуусуна, тамак-аштын сапатына байланыштырышат. Кыргызстанда жыл сайын 700-800 өспүрүм ушул онкологиялык ооруга кабылып, дарыланып келет. Тилекке каршы баарын эле айыктырууга мамлекетте мүмкүнчүлүк болгон эмес. Эми Бишкектеги Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагына курулуп, пайдаланууга берилип жаткан балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү илдеттен сакайтууга кенен шарт түзөт. 
 
Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү биринчи жолу балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. 5 кабаттуу имарат 70 орунга ылайыкталган. Анын ичинен 10у интенсивдүү терапия палатасына карайт. Андан сырткары, жандандыруучу бөлүм, эки операция жасоочу жай бар.
 
Ошондой эле, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар бар. Мындагы жабдыктар өлкөдө жок аппаратта. Мисалы, бул иммунофенотиптик аппарат клеткадагы өзгөрүүлөрдү аныктайт.
 
Бул бөлүмдүн ачылыш аземине катышкан Президент Садыр Жапаров бул иш-чаранын саламаттык сактоо тармагы үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдарда балдардын онкологиялык ооруларынын көбөйүшү байкалып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
 
Аталган бөлүмдүн курулушу андагы бардык зарыл жабдуулар, эмеректер, долбоордук-сметалык документациясы баары «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган. Садыр Жапаров калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жүргүзгөн ишмердиги жана кайрымдуулугу үчүн, фонддун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга Кыргыз Республикасынын ардакт грамотасын тапшырды.
 
Өз кезегинде Мухаммад Абдурахман Аль-Шая бул иш-чара Кувейт менен Кыргызстандын кызматташтыгын бекемдей турганын белгиледи. Айтымында бул объект элге кызмат кыла берет. 

Мындан сырткары, Президент Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун курулушу 1995-жылдан бери бүтпөй турган балдар кардиохирургиясынын имаратын көрүп чыкты.