Жаңылыктар
БШК өкүлдөрү Россиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты
Дүйнө
БШК өкүлдөрү Россиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты

Нуржан Шайлдабекова башында турган Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү сегизинчи чакырылыштагы Россиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого КМШ жана ШКУ миссияларынын атынан эл аралык байкоочу катары катышты. 

Алар Москванын ар кайсы райондорунда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салышты. БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Москвада Орусиянын Коомдук палатасы тарабынан ачылган Россия Федерациясындагы Шайлоолорду Байкоо Борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Бул борбордо күнү-түнү иштөөчү call-борбору бар, ал мыйзам бузуулар тууралуу арыздар менен чалууларды кабыл алат, ошондой эле жарандарга шайлоого кантип катышуу боюнча маалымат жана кеңештерди берет. 

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо келе жатат. Нуржан Шилдабекова биздин Москвадагы кесиптештерибиз менен чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин саны боюнча маалымат бөлүштү. Төрайымдын айтымында, бүгүнкү күндө 60 миңден ашуун жаран чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелеринде катталган, алар автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Шайлоочулардын тизмесине кирбегендер, бирок шайлоо күнү республиканын сыртында боло тургандар 13 -ноябрга чейин шайлоо участкаларына кайрылып, тизмеге кире алышат.