Жаңылыктар
Москвада Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү
Мекендештер
Москвада Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү

Жаңгак, кургатылган жемиштер, коон, дарбыз жана башкалар. Москвада Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү. Жарманке уюштурулган жер да Кыргызстан үчүн өзгөчө орду бар. 

"Киргизия" жолугушуу жери. Москвада, Новогиреево районунун борборунда, Кыргызстандан ташылып келген айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өттү.

Бул жер кокусунан тандалган эмес, 1972 -жылы дал ушул жерде Кыргызстан кинотеатры ачылган. Сегиз жыл мурда эски кинотеатр бузулуп, анын ордуна төрт кабаттуу көп функциялуу эс алуу жана оюн-зоок борборунун курулушу башталган. "Киргизия" тарыхый аты сакталып калган. Азыр бул жер Новогиреево районунун борбору болуп эсептелет.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай жарманкелер эми жыл сайын өткөрүлүп турмакчы. Тилекке каршы, Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү Москванын ири соода түйүндөрүн продукциянын керектүү көлөмү менен камсыз кыла алышпайт. Мындай жарманкелер жакшы альтернатива болуп саналат. Экологиялык таза продуктылар кымбатыраак болушу мүмкүн, бирок пайдалуу. Москвалыктар айткандай, ден соолукка пайдалуу жер жемиштерден үнөмдөбөш керек.