Жаңылыктар
Шайлоо жаңы эрежелер менен өтөт
Шайлоо 2023
Шайлоо жаңы эрежелер менен өтөт

28-ноябрда өлкө жарандарын дагы бир саясий маанилүү иш-чара күтүп турат. Бул жолу жарандар эл өкүлдөрүн аралаш система менен тандашат. 120дан 90го кыскартылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме менен шайланса, калган 36сы бир мандаттуу округдан тандалат.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирди. Алар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүшү керек. Ал эми, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирмеси 13-октябрга чейин кабыл алынат. Эл өкүлдөрүн мындай жол менен тандоо парламентти бизнесмендерден тазалоого шарт түзөт - дешет адистер. Буга чейин партиянын тизмесине бир гана акчалуулар кире алышчу. 

Мурдагы партиялык система да өзүн актаган жок. Партияга кирүү үчүн чоң акчалар айланып, добуштардын сатылып алынышы шайлоонун ыплас өтүшүнө алып келди-дейт талдоочулар.

Бул жолу шайлоочулар партияга гана эмес, өзү жактырган талапкерге дагы добушун бере алышат. Жарандар акчага сатылбай, чыныгы эл өкүлүн тандоого жол ачылууда. 

Бул арада Боршайком 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түздү. Ага 3 миллион 686 миң адам кирген. Акыркы тизме 18-ноябрда жарыяланат. Шайлоочулар 12-ноябрга чейин өздөрүн тизмеден тактай алышат.