Жаңылыктар
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы
Шайлоо 2023
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы

Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу Кыргызстандан сырткаркы аймактарда да шайлоо участокторунун курамы толукталууда. Жаңы Конституцияга ылайык, аны ишке ашыруу бул жолу Свердлов округдук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн. 

Мындан улам Бишкек шаарындагы Свердлов округдук шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештерге кайрылып, шайлоо тилкелеринде убактылуу тартылган адис катары иштешүүгө чакырат.

Убактылуу ишке тартылган Кылыч Орозалиев, ушул тапта Кыргызстандан сырткары канча өлкөдө шайлоо тилкелери ачылган болсо, анын ар бирине бериле турган мөөрлөрдү текшерип, толуктап жатат. Бул жолку чет мамлекеттерге жөнөтүлө турган мөөрлөрдүн жана добуш берүүгө керектеле турган жабдыктардын саны мурдагы шайлоолорго караганда көбүрөөк.

Шайлоо же референдум болгон сайын, чет мамлекеттердеги шайлоо комиссияларынын курамын уюштуруу ишин буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы алып барып келган. Парламенттик шайлоонун аралаш системага өткөнү мунун баарын Свердлов округдук шайлоо комиссиясы аткармай болду. Эң оболу Кыргызстандан сырткары түзүлгөн ар бир шайлоо участогунун комиссия курамын толукташ керек.

Ушул тапта кайрылуу тышкы иштер министрлиги жана жер жерлердеги консулдуктар аркылуу, чет мамлекеттерде жашап жаткан мекендештерге маалымдалууда. Каалоочулардын документтери 26-сентябрга чейин электрондук негизде кабыл алынат. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторуна талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугу, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасы, кесиптик жана жеке сапаттар эске алынат.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргызстандан сырткары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан, чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлеринен, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлүшү мүмкүн.