Жаңылыктар
Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосундагы кызматташуу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосундагы кызматташуу

Президент Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча кеңсесинин Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алды. Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосундагы билим берүү, илим, ошондой эле маданий мурас жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Мамлекет башчысы маданий мурастарды эл аралык деңгээлде сактоо жаатында активдүү кызматташуусу жана колдоосу үчүн Криста Пиккатка ыраазычылык билдирди. Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенцияны кабыл алып, аны дүйнөлүк коомчулукта сактоо жана өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап жатат. Кыргызстанда өлкөнүн улуттук тарыхы үчүн өзгөчө мааниге ээ эки миңдей кыймылсыз эстеликтер бар. Бүгүнкү күндө алардын төртөө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине кирген. 

Президент ошондой эле кыргыздын салттуу "Көк бөрү" оюнун, “Тогуз Коргоол” же Тогуз Кумалак”, “Мангала” интеллектуалдык-стратегиялык оюндарын ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүүдө Криста Пиккаттын кошкон маанилүү ролун баса белгиледи. 

Айтымында, учурда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана ЮНЕСКОнун адамзатынын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргызстандын бир элементи - Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси болгон «Жибек жолу»: Фергана-Сырдарыя коридору» объектиси, трансулуттук номинацияда, ошондой эле «Саймалуу-Таш» аскадагы сүрөттөрүн» улуттук номинацияда киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Кыргызстан үчүн бул иш-чаралар өтө маанилүү жана алар ЮНЕСКОнун колдоосуна, анын ичинде усулдук жана гранттык жардамга муктаж. 

Жапаров Кыргызстанда учурда «Ысык-Көлдүн түштүк жээги» номинациясын ЮНЕСКОнун Геопарктар глобалдык түйүнүнө киргизүү үчүн даярдык көрүп жатканына көңүл бурду. Аталган аймак эл аралык маанидеги геологиялык мураска ээ. Ал бул геопарк ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азиядагы биринчи геопаркы болоруна үмүт артты. 

Өз кезегинде, Криста Пиккат Ош облусунун Өзгөн шаарында өткөн «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына өзүнүн катышуусун канааттануу менен белгиледи. ЮНЕСКОнун өкүлү Президент Садыр Жапаровдун мурастарга Кыргызстандын маданий өзгөчөлүгүнүн бир бөлүгү катары чоң маани берип, баалагандыгын кубануу менен айтты. Мындан сырткары, ал Кыргызстан демилгелеген “Кыргыз жараны” программасын колдоого уюм кызыкдар экенин кошумчалады.