Жаңылыктар
АКШ бийлиги Гаитиден келген мигранттарды депортациялоодо
Дүйнө
АКШ бийлиги Гаитиден келген мигранттарды депортациялоодо

АКШ бийлиги Техастагы Дель-Рио шаарында чогулган Гаитиден келген мигранттарды депортациялоону тездетүү жагын карап жатат. 

Азыркы учурда Мексика менен чектеш жерде камыштан тургузулган чатырларда 12 миңге жакын качкын баш калкалап жатышат. Күнүнө аларга Рио-Гранде дарыясы аркылуу келген качкындар кошулууда. Буга байланыштуу АКШнын өкмөтү жергиликтүү чек ара өткөрмө жайларын жапты. 

Чек арада өкүчүлүктүн 400 агенти иш алып барууда. Маалыматтарга караганда, Вашингтондон Гаитиге күнүнө 2ден 8ге чейин самолет мигранттарды депортациялайт.