Жаңылыктар
Мушкер Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин койду
Дүйнө
Мушкер Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин койду

Мушкер Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин койду. Бул тууралуу CNN Philippines телеканалына шилтеме берип "Известия" басылмасы билдирет. 

42 жаштагы Пакьяо беш жылдан бери сенатор болуп келет. Ал расмий түрдө бийликтин "Филиппин демократиялык партиясы — эл бийлиги" партиясы менен шайлоого аттанууда. Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону 2016-жылдан бери сенатор болуп келет. 

Филиппинде президенттик шайлоо 2022-жылы өтөт. Учурдагы президент Родриго Дутерте вице-президент кызматы үчүн гана ат салышат, анткени Филиппиндин мыйзамына ылайык, ал мамлекет башчысына эки жолу талапкер боло албайт.