Жаңылыктар
Космоско саякат аяктап, Crew Dragon кемеси Атлантика океанынын жээгине келип конду
Дүйнө
Космоско саякат аяктап, Crew Dragon кемеси Атлантика океанынын жээгине келип конду

Космостук Crew Dragon кемеси Атлантика океанынын жээгине келип конду. Кеменин экипажы дүйнөдө биринчи жолу бир гана жөнөкөй жарандардан туруп, космосто үч сутка болушту. 

Бул убакытта экипаж мүчөлөрү бир катар илимий изилдөө жүргүзүшкөн. Үч күндүн ичинде алар космос мейкиндиги адамдын организмине кандай таасир тийгизээрин изилдешкен. Кеме Эл аралык космос станциясынын эң бийик деген орбитасынан жогору учуп, 590 км бийиктиктеги орбитага жеткен. Экипаждын ичинде дарыгер Мемфисе Хейли Арсено, окумуштуу-геолог Сайен Проктор, аэрокосмостук корпорациянын кызматкери Кристофер Семброски, ошондой эле америкалык миллиардер Джаред Айзекмэн да болгон. Ал эми миллиардер сумманы ачыктабастан кемедеги 4 орундун тең акчасын төлөп берди.