Жаңылыктар
Шайлоо-2021: Чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021: Чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды

Тышкы иштер министрлиги тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды. 

Министрликтен билдиришкендей, шайлоону чагылдырууга катышууну каалаган чет элдик ЖМК өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин электрондук почтасына “Шайлоо -2021” деген белги менен тиешелүү документтердин тизмесин 1-ноябрга чейин жөнөтүшү зарыл. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин билдирмелер кабыл алынбайт.

Билдирмени жөнөтүү автоматтык түрдө аккредитация алуу дегенди билдирбейт. Кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча министрлик тарабынан журналисттерди аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта. Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитациялангандыгы жөнүндө тастыктоо алгандан кийин журналист аккредитацияланган болуп саналат жана жогоруда белгиленген иш-чараны чагылдырууга катышса болот.