Жыл башынан бери “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 1 млрд сом ашыкча киреше тапты. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге ал эми 2019-жылга караганда 2,8 эсеге көп сумма. Тогуз айда 4 миң тоннадан ашык жүктү ташып, жылдык планы 105% аткарылды. Аны менен катар 147 миңден ашык жүргүнчүлөрдү тейлегенге жетишти.