Парламенттик шайлоого карата республикалык штаб түзүлдү. Анын төрагасы болуп Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бекитилди. Штабдын курамына БШКнын мүчөлөрү жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү кирди. Андан тышкары, штабда бир катар министрлик жана мекемелердин жетекчилери, Президенттин Администрациясынын бөлүм башчылары жана облустардагы өкүлдөрү бар.