Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары кызматташат
Экономика
Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары кызматташат. Бишкекте өтүп жаткан эки өлкөнүн ишкер аялдарынын форумунда бир катар келишимдер түзүлөөрү күтүлүүдө. Эки күнгө белгиленген жыйынга коңшу мамлекеттин парламентинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегация келип катышууда. 

Уз-чеберчилигин бизнеске айкалыштырган Толсун Көкөева форумга катышуу үчүн атайын Талас облусунан келди. Ишкер айым унутта калып бараткан улуттук буюм-тайымдарды жасап, сатат. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдарынын форумуна катышып, колунан жаралган буюмдарды көргөзмөгө алып келген.