Жаңылыктар
ЮНЕСКОго киргизиле турган тарыхый жайлар
Кыргызстан жаңылыктары
ЮНЕСКОго киргизиле турган тарыхый жайлар

Азыр өлкөнүн улуттук тарыхы үчүн өзгөчө мааниге ээ эки миңдей кыймылсыз эстелик бар. Бүгүнкү күндө алардын төртөө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине катталган.

Президент "Көк бөрү", “Тогуз Коргоол” жана “Мангала” интеллектуалдык-стратегиялык оюндарын ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүүдө ЮНЕСКОнун регионалдык өкүлү Криста Пиккаттын кошкон маанилүү ролун баса белгиледи. 

Тарыхый-маданий мурас болгон объектилерди сактоо - бул тарыхтын, маданияттын уникалдуу эстеликтерин жараткан улуу ата-бабаларга таазим кылуу болуп саналат. Азыр дагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана адамзаттын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргызстандан бир нече тарыхый объектилерди киргизүү боюнча даярдык жүрүүдө.