Жаңылыктар
Суу тартып, жаңы жерлерди өздөштүргөн элеттиктер
Аймак
Суу тартып, жаңы жерлерди өздөштүргөн элеттиктер

Баткен облусунун Кадамжай району тоолуу аймак болгондуктан жергиликтүү тургундарга жер берүүдө бир топ көйгөй жаралып келет. Мына ушундан улам Пүлгөн айылынын тургундары демилге көтөрүп, бош турган жерлерди өздөштүрүүнү колго алышкан. 

Адегенде айылга сугат суу тартуу иштери колго алынып, магистралдык каналды курууда бургулоо, тоолорду жардыруу менен суунун нугун түздөө, дамба менен көпүрө жана ички арыктарды куруу иштери жүргөн. 20 жыл мурда башталган элдин демилгеси үзүрүн берип, аймакта 320 гектар жер аянты өздөштүрүлүп, чек арадагы элдин турмуш шартын жакшыртууга өбөлгө түзүлдү.