Жаңылыктар
Тоң районунда катуу жааган мөндүрдөн улам дан өсүмдүктөрү жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Тоң районунда катуу жааган мөндүрдөн улам дан өсүмдүктөрү жабыркады

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катуу жааган мөндүрдөн улам дан өсүмдүктөрү жабыркап, дыйкандар 2 жарым млн сомдук зыян тартты. 

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Катуу мөндүр 21-августта кечинде жаап, 5 райондун дан эгиндерин уруп кеткен. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 253 гектарга айдалган буудай жана арпа зыян тартканын билдирди.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118