Жаңылыктар
Чек арадан мыйзамсыз өткөн өзбек милиционерине айып пул салынды
Чек ара
Чек арадан мыйзамсыз өткөн өзбек милиционерине айып пул салынды

Кыргыз чек арачылары тарабынан 13-август күнү кармалган Өзбекстандык милиционер коңшу өлкөнүн күч органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт. 

Чек ара кызматы буга чейин, 22-августта Өзбекстандык жети милиция кызматкери тик учак менен Жалал-Абад облусундагы такталбаган Үңкүр-Тоо аймагына түшкөнү тууралуу билдирүү тараткан. Алар кармалган кесиптешин коё берүүнү жана Орто-Токой суу сактагычындагы кайтаруу постторун алуу талабын койгон. 

Окуядан кийин эки өлкөнүн расмийлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, чек ара кызматынын кол башчысы Рустам Эминжанов телефон аркылуу байланышкан. 

Тараптар абалды турукташтырууга даяр экендигин билдирген. Эскерте кетсек, 10 күн мурда кармалган өзбек милиционерине, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айып пул салынгандан кийин коңшуларга өткөрүлүп берилди. Ал эми Үңкүр-Тоого тик учак менен келип конгон милиция кызматкерлери ошол бойдон калууда. 

Өзбекстан тарап дагы деле Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы постторду алып салуу талабын күчүндө калтырууда.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118