Жаңылыктар
Доллар шылтоосу менен базар баасы өсүүдө
Экономика
Доллар шылтоосу менен базар баасы өсүүдө

Доллардын куну өсүп кетсе - ал жагдай товардын баардык түрүнө таасирин тийгизбеши керек. Анткени сатып алып жаткан нерсенин баары эле сырттан ташылган жок. Мындай пикирин айрым серепчилер билдирип, базардагы кээ бир продукциялардын кымбаттап кеткени негизсиз экенин айтууда.

Ал эми, Улуттук Банк Жогорку Кеңеш жана өкмөт доллардан баш тартуу боюнча аракет көрүүдө. Бул туурасында Улуттук банк - мекеме жетекчисинин Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгына таянып билдирди.

Улуттук банктын төрагасынын айтымында, мындай кадам сомдун таасирин бекемдөө жана өлкө экономикасын чындоо үчүн жасалды.