Жаңылыктар
Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалы башталды
Маданият
 Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалы башталды

Бишкекте 3 күнгө созулган дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалы башталды. Ага АКШ, Кытай, Франция, Россия, Өзбекстан, Азербайжан жана башка 20га жакын өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрү катышууда. Фестиваль дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөйт. 

Алгачкы талкуу “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында өтүп, “Манасты дүйнөгө даңазалагандар” китебинин биринчи томунун бет ачары өттү. Ири иш-чара 25-сентябрга чейин уланып, сынак, көргөзмө, концерт, жарманке жана улуттук оюндар менен коштолот. 

Белгилей кетсек, эл аралык фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан дүйнөлүк эпикалык мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары 2006-жылы негизделип, быйыл алтынчы ирет өтүүдө.