Жаңылыктар
Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү

Экономика жана финансы министрлиги Министрлер кабинетинин чакан жана орто бизнеске көмөктөшүү программасын ишке ашырууда. Жеке жана каржылык секторду ыкчам колдоо долбоору Дуйнөлүк банктын жана Азия Инфраструктуралык инвестициялык банкынын каржылоосу менен ишке ашырылууда. 

Максаты пандемиянын натыйжасында түзүлгөн оор экономикалык абалда ишкерлерге көмөк көрсөтүү менен жумуш оорундарын сактап калуу . 

Бул программага ылайык бизнес өкүлдөрү 800 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Долбоорго жалпысынан 72 миллион сом бөлүнүп, толук ишке ашыруу үчүн 5 коммерциялык банк менен келишим түзүлгөн. Белгилей кетсек, бул аракет Президенттин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.