Жаңылыктар
Баткенде Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык жүрүүдө

 Эгемендүүлүктүн 25 жылдык майрамына карата Баткен облусунда даярдыктар башталды. Район-шаарлардын көчөлөрү ирээтке келтилип, салтанат өтүүчү аянттар тазаланууда. Ошондой эле мектептердин курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. 

 Майрамга даярдык облус борборундагы "Эркиндик" эстелигин оңдоп түзөөдөн башталды. Анын айланасындагы жолдор тазаланып, тосмолор сырдалды. Аз болсо да көчөлөр кеңейтилип, арыктар тазаланууда. Жергиликтүү тургундар эгемендүүлүк жылдарында Баткен облусу бир топ өзгөргөндүгүн айтышат. Айрыкча жол жана социалдык тейлөө мекемелеринин курулушу жанданган. 
Жаштардын аракети менен Баткен облусунда чоң курулуш долбоорлору ишке ашууда. Баткен шаарынын негизги көйгөйү болгон ичүүчү таза суу жана саркынды суу кетүүчү канализациясы экөө тең курулууда. Учурда шаардын 20% гана канализация менен камтылган. 
 Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Баткен облусунда 34 обьектинин курулушу жүрүүдө. Анынын ичинен 24ү мектептер. Ошондой эле балдар бакчалары, ооруканалар жана аскер кызматкерлери үчүн үйлөр курулууда. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118