Жаңылыктар
Парламенттик шайлоого даярдык
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоого даярдык

Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын биринчи отуруму өтүп, анда коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов шайлоо таза жана ачык өтүшү керектигин белгиледи. Ал арада чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын кеңейтүү максатында чет мамлекеттердеги 28 шаарда шайлоо участкалары ачылды. Мурда мекенинен алыс жерде добушун берүүнү каалаган кыргызстандыктар милдеттүү түрдө консулдук каттоого турса эми ал жокко чыгарылды. Парламенттик шайлоого карата даярдык иштеринен кабарчыбыз баяндайт.