Жаңылыктар
Ункар-Тоо: Өлкө кызыкчылыгына каршы чечим
Саясат
Ункар-Тоо: Өлкө кызыкчылыгына каршы чечим

 10 күн мурда Кыргызстандын аймагынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери коңшу өлкөгө өткөрүлүп берилди. Аны бошотуу талабын Ташкент кечээ МИ-8 тик учагы менен Ункар-Тоодогу такталбаган аймакка өзбек милиционерлери кирип келгенден кийин койгон. Бирок өзбек милиционерлери дагы эле Ункар-Тоо аймагында кала берүүдө. Кыргызстан болсо такталбаган тилкеден күч кызматкерлерин чыгарып кетүү талабын коюуда. 

Радиотүйүн станциясы жайгашкан, ал аркылуу теле тармак сигналдары таратылат. Аны менен бирге ири уюлдук компаниялардын баштапкы станциялары жана навигациялык жабдыктары жайгашкан.
45 гектар жерди ээлеген бул тилке такталбаган аймак деп эсептелет. Андыктан бул жерге коңшу өлкөнүн милиция кызматкерлери кирип алганын Кыргызстан мыйзамсыз жана достук мамиледен тыш кадам деп эсептейт. Өзбекстандын тик учагы милиционерлерди түшүрөрү менен Кыргызстан аларды чыгарып кетүүнү талап кылган. Телефон аркылуу өзүнүн кесиптеши менен мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы байланышкан.
 Кечке жуук кайрадан Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчисине телефон чалуу болгон. Талап мурдагыдай эле: милиция кызматкерлерин чыгаруу. Бул жолу өзбек чек ара кызматынын жетекчилиги ички иштер министрлигинин иш-аракеттери туурасында эч нерсе билбей турганын айтып, бирок өздөрүнүн талаптарын койгон.
 Өзбекстандын үчүнчү талабы - Орто-Токой суу сактагычынан кыргыз милициясынын бөлүмчөлөрүн алуу болду. Жана ал жерге электр жарыгын берүүнү жандантуу. Негизи Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандын аймагында жайгашкан, бирок азыр аны Өзбекстан пайдаланууда. Бул жакынкы арада мамлекеттин менчигине кайтарылчу объектилердин бири.

Өзбекстандын жөндүү, аткарыла турган бир талабын Кыргызстан канааттандырды. Кармалган милиция кызматкери соттун чечими менен кечээ кечинде айып пул төлөгөндөн кийин бошотулуп, коңшу өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
 Ункар-Тоонун айланасындагы абал азыр кандай чечилери белгисиз. Бул боюнча сүйлөшүүлөр, мурунку бийликтердин “чыккынчылык” иш-аракеттеринен улам азыр кыйынчылыктарды жаратууда. Өз убагында алар тоону Өзбекстанга берүүгө жөн гана макул болуп коюшкан.
Маалым болгондой, 10 жыл мурун 2006-жылдын 23-сентябрында кыргыз тараптын демилгеси менен Ташкентте чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен кезексиз жыйыны өтүп, анда кыргыз тарап Үңкүр-Тоодогу такталбаган тилкени Өзбекстандын аймагы деп тааныган.
 Бул боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кыргыз жана өзбек делегацияларынын жетекчилери кол койгон 20-номур менен белгиленген протоколу тастыктап турат. Биргелешкен кезексиз жыйын 2006-жылдын 13нөн 23-сентябрына чейин өткөн. Мына бул талкуу учурунда көрсөтүлүп кабыл алынган карта. Ал эми бул Үңкүр-Тоодогу тилкенин делимитация иштеринин схемасы. Ага ылайык Үңкүр-Тоодогу такталбаган тилке Кыргызстандан тыш, коңшулардын аймагында калып калган. А бул болсо эки өлкөнүн өкүлдөрү тарабынан кол коюлган документ. Өзбек тараптан Абдуазизов, ал эми кыргыз тараптан Саламат Аламанов кол койгон. “Азаттыкка” берген акыркы интервьюсунда ал бул документке кол койгонун тастыктаган.
 Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан 10 күндөн кийин, тактап айтканда 2006-жылдын 3-4-октябрында президент Курманбек Бакиевдин Ташкентке расмий иш-сапары башталган. Анда Бакиевди тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов коштоп жүргөн. Анын бул окуялардагы ролун өзгөчө белгилей кетүү керек. Ага чейин бир ай мурун Жекшенкулов Өзбекстандык кесиптеши менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек аралары боюнча келишимди даярдашкан.
Жекшенкулов менен Норовдун ортосундагы келишим 2006-жылдын 24-августунда толук макулдашылып, документте мамлекеттик чек аранын сызыктары белгиленген. Ошондогу келишимдин бир бөлүмүндө талаш тилке Өзбекстандыкы деп таанылган.
Бакиевдин Ташкентке болгон иш-сапарынын жыйынтыгы менен өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат. Анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр жемиштүү жүргүзүлүп, кол коюлган келишимдер боюнча макулдашышкан. Серепчилер тастыктагандай, 2006-жылы Үңкүр-Тоону коңшуларга жагыныш үчүн жөн гана белекке берип салышкан. Эми алар кетирген катаны азыр оңдоого туура келип жатат.
 Серепчилердин пикиринде, бул багытта азыр кыйын кырдаал түзүлүүдө. Бакиев жана анын командасы келишимге кол коюу учурунда өлкөнүн легитимдүү жетекчиси болуп турган, демек бул коюлган колдор мыйзамдуу экенин билдирет. Ал эми цивилизациялуу өлкөлөрдө мойнуна алган милдеттерди аткаруу кажет. Аны аткарбай коюу эл аралык аренада мамлекеттин аброюн жоготууга алып келет.
Бул арада Ункар-Тоо боюнча мамлекеттин саясатын сындап жаткандар келишимди даярдоо жана кол коюу учурунда бийликте же анын жанында жүргөндөр болчу. Маселен Адахан Мадумаров же ошол эле Азимбек Бекназаров. Экинчиси ушул жазда Аксыда элди өнөктүккө чыгууга үндөп жүргөн.
Негизи түштөн кийин кыйкырып чыга калган мындай саясатчылар аз эмес. Эксперттер белгилегендей, алар стратегиялык мекемелерди сактап калууга жана коңшулардын пайдасына каршы туруу үчүн өз убагында эч бир аракет жасашкан эмес. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118