Жаңылыктар
Жерге-Тал жана Боспиек айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болот
Аймак
Жерге-Тал жана Боспиек айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болот

Жакынкы айларда Аксы районунун Жерге-Тал жана Боспиек айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Алты миңдей элди камсыздоочу таза суу долбоору дээрлик аягына чыгып калды. Ушул тапта таза суу тартуу жумуштары кызуу жүрүп жаткан кези. Суу куурлары ар бир кожолуктун короосуна чейин тартылат. Таза суу тартуу иштерине аймактык кабарчыбыз Осмон Уламсадыр уулу да күбө болуп келди.

Жерге-Тал жана Боспиек айылында бир жарым миңдей кожолук бар. Жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу көйгөйү көп жылдан бери түйшүккө салып келет. 60 жыл мурда тартылган айылдагы таза суу системасынын эбак эскилиги жеткен. Жергиликтүү тургундардын эптеп жарылып кеткен суу түтүктөрүн жамап, суу алышат. 

Бул айылдарда жакында таза суу маселеси толук чечлимей болду. Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен өткөн жылы таза суу тартуу долбоору башталган. Учурда каралган жумуштун 90 пайызы бүттү. Таза суу долбоорунун сметалык баасы 180 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери үч этапка бөлүнгөн. Ушул тапта суу сактоосу жайында 400 тонналык эки суу кампасын ширетүү иштери жасалууда. 

Ал эми айыл ичине тартылуучу магистралдык суу куурунун жалпы узунду 45 чакырымды түзөт. Учурда түтүктөрдү казып-көмүү иштери аяктап калды. Айылга ичүүчү суу булактан тартылууда. 

Эски система боюнча бир жарым миң кожолукка 16 жерде гана суу чоргосу бар. Жаңы тартылып жаткан долбоор боюнча суу чорголору ар бир үйгө чейин киргизилет. Бул жумуштарды тургундар өздөрү аткарат. Учурда 150 дөй жашоочу сууну үйүнө тарып киргизген.

План боюнча таза суу долбоорун аягына чыгаруу мөөнөтү бир жыл эки айга эсептелген. Жумуш графиктен кечикпесе, ноябрь айында жергиликтүү тургундар таза суу менен камсыз болушат.