Жаңылыктар
Шайлоо - 2021. БШК партиялар менен талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын так сактоого чакырат
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021. БШК партиялар менен талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын так сактоого чакырат

Парламенттик шайлоого 2 ай калды жана бүгүнкү күндө саясий маанилүү өнөктүккө карата даярдык иштери жүрүп жатат. 

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы партиялар менен талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын эреже талаптарды бузбоого алдын-ала чакырат. Эгер саясий бирикмелер жана бир аймактан аттанган талапкерлер көрсөтүлгөн эрежелерди так сактаба алар жарыштан четтетилет.

Боршайком саясий өнөктүккө катышкан партиялар менен талапкерлерди кандай учурда тизмеге каттоодон баш тартылаарын тактап жатат. Эгер бир мандаттуу округдан чыккан талапкер 18-октябрь кечки саат алтыга чейин тийиштүү документтерин алып келбесе жарышка катыша албайт. Ошондой эле алардын шайлоочулары аз добуш берсе же талапкер бир нече партия жана округдан катталса четтетилет.