Жаңылыктар
Бишкекте Президенттин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтөт
Спорт
Бишкекте Президенттин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтөт

 Бишкекте Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш болот. 

Мелдеш 25-31-августка чейин, 12 команданын катышуусунда «Ак-Кула» ат майданында өтөт. Бүгүн ага катыша турган командалар чүчүкулак кармады.

 2015-жылдагы президенттик кубок азыр «Талас» тайпасынын колунда турат. Былтыркы мелдеште алар Сары-Өзөн командасын утуп алышкан болчу. Турнирге Көчмөндөр оюнуна катыша турган улуттук курама командага кирген оюнчулар катышпайт. Алар 31-август күнү финалдык оюнга катышат деп билдирди федерациядан.