Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында улгайган адамдар спортто күч сынашты
Спорт
Жалал-Абад шаарында улгайган адамдар спортто күч сынашты

Жалал-Абад шаарында улгайган адамдар спортто күч сынашты. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясы 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук" аталышындагы бир айлык жарыялаган. 

Анын алкагында карылар арасында спорттук иш-чара уюштурулуп, шаардагы жашы улгайган инсандар катышты. Алар үч топко бөлүнүп, спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Андан сырткары атайын сый-тамак уюштурулду. 

Ошондой эле карылардын ден соолугуна кам көрүү максатында атайын медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 80 жаштан жогору курактагы 700дөн ашуун адам бар.