Жаңылыктар
Риодон спортчулар көңүлсуз кайтышты
Спорт
Риодон спортчулар көңүлсуз кайтышты

Бүгүн таң эрте Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын акыркы тобу, коштоп барган машыктыруучулары менен чогуу келишти. Делегация “Манас” аба майданына конуп, маалымат жыйын куруу менен массалык маалымат өкүлдөрүнө дүйнөлүк мелдештен алган таасирлери жана жеңилүүнүн себептери менен бөлүштү. 

Мекенине олжосуз кайткан спортчулардын кабагы салыңкы. Олимпиада оюндарына Кыргызстандын курамасын спорттун 6 түрү боюнча 19 спортчу көрсөтүп, бирок медаль ала алган жок. Дүйнөлүк мелдешти жыйынтыктап келген топ маалымат жыйынында Риодогу жагдайды айтып берди. Машыктыруучулар дүйнөлүк аренага чыгыш оңой эместигин, бирок ал жерден кыргызстандык спортчулар болгон мүмкүнчүлүгүн колдонгонуна карабай ийгилик жылмайган жок деп белгиледи.

Көңүлү чөгөрүңкү спортчуларды байгеге жетишпесе да спорт күйөрмандары шаңдуу тосуп алышты. Кандай болгон күндө дагы алар Кыргызстандын сыймыгы, эртеңки күнү өлкөнүн намысын талашып, байрагын желбиреткенге даяр турган азаматтар экенин унутпасак. 

Фото: www.ktrk.kg