Жаңылыктар
Быйылкы окуу жылында мектептерде бирдиктүү форма болбойт
Билим
Быйылкы окуу жылында мектептерде бирдиктүү форма болбойт

Мектеп окуучулары ушул күздө үстү ак, асты кара классикалык үлгүдөгүкийимдерди кийсе болот. Мындан сырткары көк, кара, күрөң  түстөгү мектепке ылайык келген кийимдерге уруксат берилди. 

Ошондой эле буга чейин мектеп окуучуларына  киргизилген бирдиктүү форма да мурдагы калыбында кийиле берет дешет билим берүү министрлигинин адистери. 

Бирдиктүү форманын сапатынын начардыгына жана баасынын кымбатына бир топ  ата –энелер нараазы болуп келишет. Соодагерлердин айтымында бирдиктүү форманын орточо баасы 1800 сомдон жогору турат. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"