Жаңылыктар
Парламенттик шайлоо – жаңы талаптар
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоо – жаңы талаптар

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо болот. Пропорционалдык система менен шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын канчасы каттодон өтөт, азырынча белгилсиз. Бир мандаттуу округдан катышуу үчүн 24-сентябрга карата 32 адам арыз берген. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жекшемби күнү Чоң-Алай районуна болгон сапарында парламенттик шайлоо боюнча суроолорго жооп берди. Ал ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо өнөктүгүн таза жана ачык өткөрүүгө катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи. Ага чейин парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өткөн. Анда административдик ресурс, добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөр катуу жазаланаарын штабдын жетекчиси¸ КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирген. Ар кандай нааразычылыктарды жараткан мурдагы парламенттик шайлоолордон кандай сабак алдык? Талаптар кандай аткарылат? Биз ушул багытта сөз кылабыз.

Уктурууга КР ЖК мурдагы депутаты Эсенгул Исаков, тарыхчы окумуштуу Кыяс Молдокасымов жана “Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Тагир Осмоналиев катышат.