Жаңылыктар
Улуттук күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт
Спорт
Улуттук күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт

29-сентябрда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда улуттук күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт.

Бул иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Ачылышы шоу программа менен коштолуп эстрада жылдыздарынын катышуусунда өткөрүлөт. Турнир кыргыз күрөштүн түрүн республика арасында жайылтуу менен бирге жаштарды дене тарбия жана спортко тартуу, ошондой эле спортчулардын достук байланыштарын чыңдоо максатында уюштурулган. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарга ээ болушат, башкы байге эки автоунаа.