Жаңылыктар
Парламенттик шайлоонун эрежелери
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоонун эрежелери

Быйыл парламентке келе турган 90 депутаттын 54ү бирдиктүү округдан калган 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келиши керек. Бүгүнкү күнгө чейин бирдиктүү шайлоо округунан катыша турган партиялардын саны 75ге жетти. Ал эми бир мандаттуу округдан 38 талапкер өзүн-өзү көрсөттү. 

Эрежеге ылайык партиялар талапкерлердин тизмесин 54төн ашырбайт. Ошондой эле талапкерлердин баары айым же мырза болбошу керек. Мындан сырткары 15 пайызы 35 жаштан өйдө дагы 15 пайызы башка улуттун өкүлдөрү болууга тийиш. 54 талапкердин ичинен экөө мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болушу керек. Добуш берүүчүлөр партияны анын ичинен ошол 54 талапкердин бирөөсүн кошо шайлашат. 

Талапкерлер күрөө акысын 18-октябрга чейин тапшырышы керек. Күрөөнүн суммасы бир мандаттуу шайлоо округунан көрсөтүлүп жаткандар үчүн 100 миң сом, партияларга 1 миллион сом. Эгер партия же талапкер бюллетендер даярдалганга чейин өнөктүккө катышуудан баш тарткан болсо, акчалары кайтарылып берилет.