Италиянын Аматриче шаарында жер титирөө болуп, бир топ адамдар урандылардын алдында калды. АКШнын геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн магнитудасы 6,2 түзгөн. Азыркы учурда 10 адам каза болгонун BBC маалымдайт.
Жер силкинүү катуу болгондуктан айрым райондордо сел жүрүп көпүрө кыйрашы мүмкүн экенин жергиликтүү басма сөз каражаттары билдирди.
“Шаардагы жолдордун баары урандыга толгон. Шаардын жарымы кыйрап, адамдар урандылардын алдында калды. Жер көчүп, көпүрөлөр кулады”,-деп кабарлады Пироцци RAI мамлекеттик телеканалы.