Жаңылыктар
COVID-19: Россияда ооруну жуктургандар кайрадан көбөйдү
Дүйнө
COVID-19: Россияда ооруну жуктургандар кайрадан көбөйдү

Россияда бир күндө COVID-19дан каза болгондордун саны боюнча рекорддук көрсөткүч кайталанды. Акыркы бир сутка ичинде 820 адам коронавирустан каза болду. 

Ушундай көрсөткүч туура бир ай мурда катталган. Ооруну жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүүдө. Бир күндө 21 400дөн ашуун учур аныкталды. 

Мындай учур августтун ортосунда болгон. Ал сентябрь бою күн сайын кеминде 17 миң жаңы инфекция жуктургандар аныкталып жатат. Бирок буга карабастан өлкөнүн бийлиги карантин чараларын азырынча пландаштыра элек. Ошол эле учурда, аймак башчылары жаңы чараларды киргизиши мүмкүн деп болжошууда.

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Россияда жалпысынан 7 миллион 420 миңден ашуун COVID-19 аныкталган, 204 миң бейтап каза болгон. Ошол эле учурда, Федералдык статистика кызматы 2020 -жылдын апрель айынан 2021 -жылдын июлуна чейин 365 миң адам каза болгонун билдирип келет.