Жаңылыктар
“Автоледи Бишкек - 2016” сынагы жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
“Автоледи Бишкек - 2016” сынагы жүрүп жатат

 Борбор калаада “Автоледи Бишкек – 2016” иш-чарасы өтүп жатат. Буга байланыштуу кечки саат 7 чейин Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. 

Иш-чаранын максаты, жолдо жүрүү адебин урматтоо, жол коопсуздугун сактоо, айдоочулук чеберчиликти көтөрүү жана балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу болду. Патрулдук милиция башкармалыгы айдоочулардан кырдаалга туура түшүнүп, жолго киргизилүүчү чектөөлөрдү эске алуу менен жүрүшкө чыгаарда алдын ала пландап алууну өтүнөт.