Жаңылыктар
Кыргызстандык жөө күлүктөрдүн ийгилиги. Гүлшаной Сатарова алтын медаль утту
Спорт
Кыргызстандык жөө күлүктөрдүн ийгилиги. Гүлшаной Сатарова алтын медаль утту

Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Нур-Султан калаасында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Нур-Султандын акимчилигинин сайтында кабарланган. 

Сатарова аялдар арасында 42,2 чакырымды 2 саат 35 мүнөттө чуркап өткөн. Атаандашы андан 21 мүнөт артта калган. Эске сала кетсек, кыргызстандык спортчу быйыл июнь айында Алматыдагы жарым марафондо да жеңүүчү болгон. Жарышка катышкан дагы бир кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 2 саат 24 мүнөт 23 секундда убакытта келип, коло медалга ээ болду.