Жаңылыктар
Жакын арада Кыргызстанда кепилдик фонду ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Жакын арада Кыргызстанда кепилдик фонду ишке кирет

Жакын арада Кыргызстанда кепилдик фонду ишке кирет. Бул тууралуу бюджетти бекитүү боюнча өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Маалыматка ылайык, ишкерлер эми насыя алганда анын бир бөлүгү үчүн кепилдик эми ушул фонд тарабынан берилет.

Ошентип, жакын арада Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлерди колдоо максатында  кепилдик фонду ишке кирмей болууда. Долбоорду  эртерээк ишке киргизип, пайда көрүү үчүн  Экономика министрлигине бардык аракетти жумшоо тапшырмасы берилди. Эске салсак, азырынча фонддун жетекчилиги бекитиле элек.

 Мээрим  Абдраманова, «Биринчи радио»