Бишкек жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине толугу менен даяр. Учурда буу казандарды оңдоо иштери аяктады. Учурда жылуулук берүү борборунун кампасына көмүр түшүп жатат. Адистер быйыл суук эрте түшөөрүн айтууда. Андыктан абанын температурасы 3 күн катары менен +8 градустан төмөн болсо, жылуулук бериле баштайт.