Жаңылыктар
Бишкек - Кара-Балта унаа жолу жакында бүтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Кара-Балта унаа жолу жакында бүтөт

Төрт жылдан бери салынып бүтпөй жаткан Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун курулушу алдыдагы бир айда жыйынтыкталат . Азыр асфальт 95 пайызына төшөлүп, жол белгилери, чийиндери белгиленип жатат. Мындан сырткары быйыл өлкө аймагында бир нече чоң жолдор оңдолууда. 

45 чакырым аралыкты түзгөн Бишкек - Кара-Балта автожолунун курулушу дээрлик 95 пайызга аяктады. Азыркы учурда бул жерде жол белгилерин түшүрүү иштери журүп жатат. Көрүнүп тургандай, жолдун туурасы мурдагыдан эки эсеге кеңейтилип, 4 тилкеден турган 45 чакырым жерге мыкты сапаттагы асфальт төшөлдү. Ал эми жолдун сапатына эл аралык деңгээлдеги инженердик компания көзөмөл жүргүзүүдө.