Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: Будапешт шаарында алгачкы жолу шайлоо участкасы ачылды
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: Будапешт шаарында алгачкы жолу шайлоо участкасы ачылды

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Венгриянын борбору Будапешт шаарында алгачкы жолу шайлоо участкасын ачат. Мындай чечим Тышкы иштер министрлигинин Венгрияда Кыргызстандын элчилигинин ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынды. 

Шайлоо участогу кыргызстандыктардын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүсү үчүн ачылат. Мындан улам 29 өлкөдө ачылган шайлоо тилкелеринин жалпы саны 58ге жетти. Ошондой эле БШКнын маалыматына ылайык, биринчи ирет шайлоо участкалары Казань, Краснодар, Самара, Томск, Хабаровск, Нью-Йорк, Чикаго, Анталья, Кальяри шаарларында да ачылмакчы. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.