Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен өз аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды.
Анда Президент тышкы саясаттын негизги багыттарын өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы демилгелерди жылдыруу тууралуу маалыматтарды укту.
Мамлекет башчысы Кыргызстан эли өзүбүздүкү деп эсептеген бир катар жер аймактарын - мурдагы президенттер менен кызмат адамдары коңшулардыкы деп тааныган фактылар мезгил-мезгили менен ачыкка чыгып жатканын белгиледи. Мындай аймактар боюнча маалыматтарды чиновниктер бекем жашыргандыктан, алар тууралуу элибизге гана эмес, Кыргызстандын азыркы Президентине да белгисиз болуп келген.
Бирок мындай шойкомдуу “келишимдер” тууралуу чындыкты эл билүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Ал документтер ратификациялана элек жана эреже боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо да, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык келечектеги макулдашуулардын негизин түзүп калгандыктан, азыр кыйла кыйынчылыктарды жаратып, Кыргызстандын улуттук таламдарын талашууга чоң тоскоол болууда. Мындан улам президент, Өкмөт менен тышкы саясый мекеменин башчысына - өзгөчө чек ара маселесине байланышкан баардык эл аралык келишимдер менен макулдашууларды, ошондой эле Кыргызстандын кызмат адамдары кол койгон протоколдор менен меморандумдарды терең текшерип чыгууну тапшырды.