Жаңылыктар
"Куттуу билим" китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты
Маданият
"Куттуу билим" китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты

Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине карата, анын “Куттуу билим” китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты. Аны эл жазуучусу Төлөгөн Козубеков кыргызчалады. Китеп президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунун жардамы менен басылып чыкты.

Козубеков “Куттуу билимди” алгач орус тилинен кыргызчалаган, кийин кайра китептин түп нускасын таап, котормону оңдоп чыккан. 25 жылдан бери басылбай турган кол жазма президенттин колдоосу менен жарыкка чыкты.